Өлкөдөгү үрөй учурган окуялар, алардын арасында өз атасынан кош бойлуу болду деген маалыматтар интернет желесинде талкууга алынып келет. Ошондой талкууга алынган маалыматтардын бирине социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн пикирин башка нукта калтырып кеткен.
"Куранда уруксат берилген, кызы өз атасын укпаса төшөккө тарткыла деп. Ошондуктан мусулман өлкөлөрүндө өз атасынан боюнда болуп калгандар дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат. Таң калбагыла, биз мусулман өлкөсүбүз!" - деген пикирин калтырган.

Интернет колдонуучунун билдирүүсү кызуу талкууга алынып, зордуктагандарды актап жатышат деген сындар айтылды.
Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы сынга кабылган билдирүү боюнча буларды айтат.
"Куранда мындай нерсе айтылган эмес. Бул чагымчыл жана курулай доомат. Билдирүүнүн автору тообо кылып, айткан сөзүнөн кайтышы керек!" - деди маалымат кызматынан.