Москвада апасы 17 жаштагы кызын эркине каршы күйөөгө берип, кыз мындан улам үйүнөн качып чыккан

Орусиянын Москва шаарында дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз жараны арыз менен кайрылган. Анда ал 17 жаштагы кызы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.

"Тийиштүү кызматкерлер Москва шаарындагы өлүккана, оорукана жана чет элдик жарандарды кармоочу жайды текшерүүгө алган. Издөө иштеринде кыздын апасы кызын 26 жаштагы жаранга турмушка бергени аныкталган. Ыкчам топ дайынсыз болуп жаткан кыздын жашаган жерин аныктап, аны менен байланышканда төмөнкүлөр аныкталган. Анда кызды апасы эркине каршы, тааныбаган жаранга күйөөгө берип салган. Ал күйөөсү менен бир айдан ашык жашаган соң, үйдөн акырын кийимдерин чогултуп чыгып кеткен. Ал өзүнчө батирде жашап, иштеп жүргөн. Милиция кызматкерлери кыздын жакындарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2020-01-11 13:51:28
Ал эле бул эле апийимдин гулу эле.
+6
Krai
2020-01-11 17:51:56
Ай энең сени 9 ай омурткасы сыздап сени ушул даражага жеткирген апаңдын кадырын балалуу болгондо билесиң го
-10
Paol
2020-01-11 21:23:56
Krai,ооба туура тогуз ай көтөрдү бирок 17 жашында зордоп турмушка бергени жакшы иш болбоптур
+4
suban78
2020-01-11 19:32:27
Ээй кыргыздар эй, жакпаган адам менен омур бою жашай бер дегени турасынарбы. Макул эгер эки уч омур болсо, бул жашоону меыли эми жашап коё берейин, кийинки жашоодо озум жактырган адам менен жашайм дегидей.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан