Кытайда токко урунуп жаткан маймылды башка маймыл куткарып калды. Бул окуянын видеосу интернетке тарап, кызуу талкууга алынганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя 4-январь күнү Кытайдын Гуйян шаарында болгон. Анда күбөлөр окуяны видеого тартып алышкан.
Видеодо көрүнгөндөй, маймыл үйдүн чатырындагы кондиционердин ток өткөргөн чубалгыны кармап алып, аны ток ура баштаган. Ал катуу кыйкырып, жардам сураган. Ошол убакта башка маймыл келип, зымды тарткылап маймылды куткарып калган. Жыйынтыгында экөө тең жерге кулап түшүп, жүгүргөн бойдон кетип калышканы видеого тартылып калган.