Иран Украинага таандык Боинг 737 учагын кокустан атып түшүрүп алганын моюнга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргенин жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учак адамдын кетирген катачылыгынан улам атып түшүрүлгөн.
"Адам кетирген катанын айынан учак кокустан атып түшүрүлгөн. Учак Ислам революциясынын коргоочулары корпусунун объектисинин жанынан учуп баратканда атылган. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы жеке баракчасына адамдын катачылыгынан улам болгон кырсык экенин жана каза болгондордун жакындарына көңүл айта турганын жазып чыкты", - деп жазылат маалыматта.
Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 167 жүргүнчү болуп, алардын баары каза болгон.