Кой-Таш айылындагы 7-8-август күндөрү болгон окуя боюнча 14 кылмышка шектүү жарандын тергөө иши аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"ИИМдин тергөө кызматы 7-8-августундагы окуялар боюнча тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык баш аламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча 14 кишиге шектүү катары кабар берилип, тергөө амалдарынын аяктаганы тууралуу билдирилди. Ошондой эле аларга кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу иш-чаралары башталды. Ал эми калган шектүүлөр боюнча материалдар өзгөчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки өндүрүш уланууда", - деп жазылат маалыматта.