Орусиянын Москва шаарында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Владимир Путин жолукту. Алар жолугушууда Ирандагы кырдаалды талкууга алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жолугушуу 4 саатка созулуп, анда эки лидер Иранда кулаган Украинага таандык учак кырсыгы боюнча талкуу жүрүш керек экенин билдиришкен.
Ал эми жолугушуудан кийин Владимир Путин маалымат жыйын берип, анда АКШ менен Ирандын ортосунда пикир келишпестик согушка айланып кетпейт деп үмүттөнүп жатканын айткан.