Орусияда бирге кызмат өтөгөн 8 жоокерди атып өлтүргөн Рамиль Шамсутдиновдун жазган каты жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Эң биринчи мага колдоо көрсөткөндөргө жана атама ыраазычылык билдирем. Мен тилекке каршы, өзүмдү кармай албай калдым. Менде башка тандоо жок болчу. Мындан башка шылдыңдарга чыдай алмак эмесмин. Чын жүрөктөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтам жана кечирим сурайм! Мен мекенимди коргоо үчүн кызмат кылууга баргам жана өмүрүмдүн калган бөлүгүн да аскер кызматына арнамакмын. Бирок мен тозокко туш болдум. Качып кетип же даттанууга болбойт болчу. Азыр мен канча адамды кайгыга салып жана өзүмдүн тагдырымды талкалаганымды түшүнө баштадым", - деп жазган ал.
Кылмыш Орусиянын Улетов районунда жайгашкан аскердик бөлүктө орун алган. Орусиянын Коргоо министрлигинен анын мындай кадамга барышын “депрессиянын жана нервинин чыңалуусунун” айынан деп түшүндүргөн.
31-октябрда социалдык тармактарда Шамсутдиновду офицерлер кордоп жаткан видео тарап кеткен. Мындан кийин Шамсутдиновду кылмышка аскер бөлүгүндөгү кордукка бул иш түрткөндүгү тууралуу сөздөр айтыла баштаган.