Орусиянын президенти Владимир Путин Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте менен телефон аркылуу Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу тууралуу баарлашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары расмий маалыматка таянып жазып чыгышты.
Ага ылайык, сүйлөшүү Италия тараптын демилгеси менен болгон. Эки тарап Берлинде өтө турган Ливия тууралуу эл аралык конференцияны өткөрүүгө жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. "Жузеппе Контенин бул сүйлөшүүдө 8-январда Стамбул шаарында Орусия-Түркия келишимин жогору баалаган" деп жазылган маалыматта.
Ливияда 2011-жылдан бери кош бийлик болуп, анын натыйжасында жарандык согуш өкүм сүрүп келет.