Австралияда жаныбарлар үчүн тик учактан сабиз жана картошка ыргытылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мындай чара өрттүн кесепетинен азыгы, тоюту жок калган аймактарда жашаган кенгуру түркүмүнө кирген валлабилер үчүн уюштурулганы айтылды. Өлкөнүн энергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Мэтт Кин операция Түштүк Уэльс аймагында жүрүп жатканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. Демилге социалдык тармактарда көп деле колдоого алынган эмес. Кээ бир колдонуучулар мындай чечим экономикалык чыгымды гана көбөйтө тургандыгын эскертишкен. Ал эми экоактивисттердин бири: "Мындай ыкманы канча ай уланталы деп жатасыңар же бул сүрөт үчүн эле тартылган бир күндүк акциябы? Болбосо жума сайын сүрөттөрдөн турган отчётту жарыялап тургула", - деген.
Буга чейин Австралия өлкөсүнүн аймагында өткөн жылдын, тагыраагы, 2019-жылдын октябрь айында өрт чыкканы айтылган. Токойду каптаган тилсиз жоо бүгүнкү күнгө чейин өчүрүлө элек. 5 миллиондон ашуун гектар аймакты жалмаган өрттүн кесепетинен 24 адамдын өмүрү кыйылып, 500 миллиондон ашуун жандык, анын арасында 8 миңдей коала күйүп кеткенин батыш маалымат булактары жазып чыккан.