Абхазиянын президенти Рауль Хаджимба нааразычылык акциясынан улам кызматтан кетти. Бүгүн, 13-январда Абзахиянын парламенти Хаджимбанын отставкасын расмий кабыл алат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн вице-президенти Аслан Барниц билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аслан Барниц өлкөдө туруктуулук болушу үчүн мамлекет башчысы тийиштүү документке кол койгонго туура келгенин билдирген. Абалды жөнгө салуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурков аталган өлкөгө барган.
Буга чейин Абхазиянын борбору Сухумда президентти отставкага кетирүү талабы коюлган митинг өткөн. Нааразычылык акцияга чыккандар 2019-жылдын сентябрь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышууда. 11-январда Жогорку Сот шайлоодогу Рауль Хаджимбанын жеңишин мыйзамсыз деп тапкан.
Бул аралыкта Абхазиянын Борбордук шайлоо комитети президенттик шайлоо кайрадан 2020-жылдын 22-март күнү болуп өтөт деп белгиледи.