Демократиялык партиясынан АКШнын президенттигине талапкер катары көрсөтүлгөн миллиардер Майкл Блумберг шайлоо жарышына миллиард доллар коротконго даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал чет элдик басылмага маек берип жатып билдирди.
Блумберг өзү Демократиялык партиядан талапкер болбой калса да өзүнүн каражатынан миллиард доллар бөлгөнгө даяр экенин белгиледи. Мындай учурда ал праймериз жолу менен тандалган демократ атаандашын колдоо үчүн каражат бере турганын айтты.
Ал буга чейин Дональд Трампты жеңүү жана Американы кайрадан куруу үчүн президенттикке бара турганын жарыялаган.
77 жашка чыккан ишкер Майкл Блумберг дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет жана анын байлыгы 58 миллиард доллардын тегерегин чапчыйт. Bloomberg маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана кожоюну. Жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан зээндүү балдардын окуусуна стипендия берүү сыяктуу кайрымдуулук иштери менен белгилүү. Ал 2003-2013-жылга чейин Нью-Йорктун мэри болуп турган.