Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 11-12-январда күрөштүн грек-рим түрү боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Аталган чемпиондукту жеңген балбандар 18-23-февралда Индияда өтө турчу Азия чемпиондугуна жолдомо алары белгилүү болгон.
Жалпысынан турнир жогорку деңгээлде өтүп, эң мыкты делинген балбандар жеңүүчү аталышты. 60 килограммга чейинки салмак ченинде эң кызыктуу таймаштар болуп өттү. Аталган салмак ченинде кураманын башчысы Каныбек Жолчубеков, дүйнөнүн вице-чемпиону Жоламан Шаршенбеков ошондой эле Калы Сулайманов килем үстүнө чыгышты.
Көпчүлүк күткөндөй дал ушул спортчулар жарым финалга чыгышкан. Бирок Жолчубеков чейрек финалда жараат алып турнирден четтеди. Мындан улам Сулайманов дароо финалга чыкты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
55 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Сардарбек Конушбаев (СШЛ)
2-орун - Балбай Дордоков (Жалал-Абад)
3-орун - Нурмухаммет Абдуллаев («Тайманбас») жана Азамат Боронов (РСК)
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Калы Сулайманов (Жалал-Абад)
2-орун - Жоламан Шаршенбеков (РС)
3-орун - Кадыров Дастан (СКАФ) жана Исрадин Темирбеков (РСК)
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Тынар Шаршенбеков ("Беркут")
2-орун - Рустам Тейишов (ДОВС)
3-орун - Элдияр Сатаров (СШЛ) жана Азиз Замиров (СКАФ)
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Марлен Асикеев (РСК)
2-орун - Халмурат Ибрагимов ("Беркут")
3-орун - Эрбол Бакиров (Жалал-Абад) жана Нуржигит Кенешбек уулу (РСК)
72 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Роман Царев («Беркут»)
2-орун - Руслан Царев («Беркут»)
3-орун - Бекзат Маткабылов («Беркут») жана Залкарбек Карымшаков (Жалал-Абад)
77 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Кайрат Туголбаев (Жалал-Абад)
2-орун - Ринат Ильяз уулу (РС)
3-орун - Бексултан Назарбаев («Беркут») жана Эрлан Чопбай уулу (СШЛ)
82 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Самат Чоноралиев (ДОВС)
2-орун - Рустам Рахматуллаев («Беркут»)
3-орун - Чынтемир Жандыралы уулу (СШЛ) жана Элбек Урайимов («Манас»)
87 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Азат Салидинов (РС)
2-орун - Аскат Бейшебеков (РСК)
3-орун - Аманкелди Талантбек уулу (СШЛ) жана Мелис Айтбеков (РС)
97 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Үзур Джузупбеков (СШЛ)
2-орун - Бексултан Махмудов («Тайманбас»)
3-орун - Данияр Шеримбеков (РС) - Руслан Орозбев («Тайманбас»)
130 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Роман Ким («Беркут»)
2-орун - Миляс Марков («Беркут»)
3-орун - Давран Садыков («Беркут»)