Алясканын полиция кызматы алыскы аймакта 23 күн бою үй-жайы жок, байланышсыз калган жаранды куткарып калгандыгы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Тайсон Стил декабрь айында үйү өрттөнүп, ошондон бери алыскы аймакта жалгыз жашап келген. 9-январь күнү полиция кызматкерлери вертолёт менен байланышсыз калган Тайсондон кабар алууга чыгышкан. Стил куткаруучуларды карга SOS деген жазууну көрүнүктүү кылып жазып тосуп алган. "Анын чатыры декабрдын ортосунда өрттөн күйүп, ити да өлгөн. Үйсүз калган Стил 23 күн бою башпаанеги, байланышы жок суукта жашаган", - деп билдирген куткаруучулар.