Түркияда өткөн эл аралык турнирде күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер курамасы 2-орунду алды

Түркияда өткөн эл аралык турнирде эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы 2-орунду алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Yasar Dogu 2020 турнири 10-12-январда Стамбул шаарында өткөн. Аталган турнирде Кыргыз өлкөсүнүн намысын Нурбек Изабековдун 3 тарбиялануучусу коргогон. Жалпысынан кыз-келиндер арасында 10 медалдар топтому ойнотулган.

62 килограммга чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова 4 беттеште тең атаандаштарын жеңип, жеңүүчү аталган. Ал эми 76 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы 3-орунга илинип коло медаль тагынды. Ошондой эле 59 килограммга чейинки салмак ченинде Назира Марсбек кызы мыкты деп табылып, алтын медалга ээ болду.

Мындан улам жалпы турнирдик жадыбалда Кыргыз өлкөсү 3 медалы менен 2-орунду алды. Ал эми биринчи орунга өзүнүн 16 медалы менен Түркия жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-01-13 16:46:23
Өмүрүңөр узун ден соолугуңар чың болсун,Азаматсыңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан