Бишкекте 6 айда жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган 130 кылмыш катталган

2012-жылы Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган 188 кылмыш катталса, ушул жылдын 6 айында 130 кылмыш катталган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Свердлов районунда жашы жете электер тарабынан жасалган 43 кылмыш катталса, Ленин районунда 38, Биринчи Май районунда 29, Октябрь районунда 20 өспүрүм кылмыш ишине барган.  Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2013-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 739 кылмыш катталган. 18 жашка толо эле өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар Ысык-Көл, Ош, Чүй жана Нарын облустарында көп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан