Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев: "Куралдуу күчтөрдү түштүккө которуу боюнча сунушту колдобойм". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 13-январда Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары чек арадагы ок атышуу, таш ыргытуу кадимки көрүнүшкө айланып бара жатканын айтышты. Алар Кыргыз-Тажик чек арасында улам-улам абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Баткен облусуна көчүрүү керек деген өтүнүчтөрү бар экендигин билдиришти.

SUPER.KG порталы "Чек ара маселелери чечилип бүткөнгө чейин Куралдуу күчтөрдү өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүү керек деген сунуштар айтылууда. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев Куралдуу күчтөрдү түштүккө которуу боюнча сунушту колдобой турганын айтты.

"Биздин эл көшөгөгө жамынганды жакшы көрөт. Маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигин которду эле. Андан эч кандай натыйжа чыккан жок. Куралдуу күчтөрдү түштүккө которуу боюнча сунуш туура эмес. Куралдуу күчтөрдү түштүккө которгондо кошуна мамлекеттер чочулайт. Түштүккө Панфилов дивизиясы которулган. Үч облуска бир дивизия ашыкча . Ал жерде чек ара кызматы, аскердик кызматы, милиция бар.

Чек ара боюнча комиссиянын иши көрүнбөйт. Алар иштебегендиктен ушундай кагылышуулар болуп жатат. Түштүктө жарым миллиондон ашык адам мигрант болуп үйлөрүн сатып, көчүп кетишкен. Өкмөт тынчтыкты алып келем десе ал жерге чарбачылыкты уюштуруп, мурун жашап жүргөн элди көчүрүп отурукташтырышы керек. Ошондой эле пенсияга чыккан жаш офицер, полковник, жогорку аскердик окуу жайларын бүтүргөндөрдү чек ара боюнча комиссиянын курамына киргизүү зарыл. Ошондо майнап чыгат болчу", - дейт Какчекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан