Мексикалык рестлер рингде алган жаракатынан улам каза болду

Мексикалык рестлер (рестлинг - күрөш жана шоуну камтыган театралдык спорттун түрү. Рестлер шоу көрсөткөн спортчу) La Parka аттуу каймана аты менен белгилүү Хесус Альфонсо Эскобоза Уэрта рингде алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы октябрда Уэрта рингде күрөштүн бир ыкмасын көрсөтөм деп секирип, темир тосмону башы менен сүзгөн. Анын башына дарыгерлер бир нече ирет операция жасаганы менен мексикалык күрөшчүнүн өмүрүн сактап кала алышкан эмес. La Parka 12-январга караган түнү 54 жашында каза болду.

Эске салсак, Уэрта 1982-жылы 16 жашында профессионалдык күрөшкө аралашкан. 1996-жылы алгачкы жолу рестлер катары рингге чыгып, Мексикадагы белгилүү спортчулардын бирине айланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-01-13 23:22:41
Ыйманы саламата болсун!тарткылыкта бир туугандарына сабыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан