Көк чайдын ден соолукка болгон пайдалуулугу байыртан эле белгилүү. Эми заманбап илим дагы аны илимий деңгээлде тастыктап отурат. Көк чай ичкен адам жүрөк-кан тамыр ооруларына сейрек кездешет. Бул тууралуу "European Journal of Preventive Cardiology" журналы жазып чыкты.
Изилдөөнүн жетекчиси доктор Донгфен Гунун айтымында, көк чайдын курамындагы полифенол заты кан басымды төмөндөтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле көк чай антиоксиданттык касиетке ээ экендиги белгилүү болгон. Узак убакыт бою көк чай ичкен адамдын организми чыдамкай жана ооруларга туруштук берүүсү менен айырмаланат. Ошондой эле көк чайды күнүмдүк рационунда колдонгон адамда жүрөк ооруларына кездешүү коркунучу дээрлик жокко эсе.