Германиянын тургуну уулуу зат адамдын организмине кандай таасир берерин көрүү үчүн кесиптештеринин тамагына уу кошуп жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Клаус О. аттуу жаран бир нече жыл бою кесиптештеринин тамагына сымап, коргошун ацетатын жана башка уулуу заттарды кошуп жүргөн. Анын жыйынтыгында бирөөсү 4 жыл комада жатып, ал эми эки кесиптеши бөйрөгүнөн катуу жаракат алган.
Бул окуя тууралуу темирдин майда бөлүктөрүн чыгаруучу компаниянын кызматкери тамагына себеленген ак порошокту көрүп, билип калган. Кийинчерээк видеобайкоодон Клаустун кесиптешинин бутербродуна белгисиз нерсени сээп жатканын көрүшкөн. 2018-жылы Клаус кылмышка шектелип кармалып, 2019-жылы мартта сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2020-жылы 9-январь күнү 4 жыл комада жаткан кесиптеши көз жумган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышкер кесиптешинин бутербродуна сымап кошкону аныкталган.