Бүгүн, 13-январь күнү "ЕХO" тобунун мүчөсү Чен жакында үйлөнөрү жана ата болору тууралуу маалымат тарады. Чен күйөрмандарына биринчилерден болуп өзү жаңылыгын кабарлагысы келгенин социалдык баракчасына жазган.
"Салам, бул Чен. Мен сиздерге бир нерсе айтышым керек. Кантип башташты да билбейм, кабарды угузарда аябай кыжаалат болуп жатам. Бирок мен күйөрмандарыма биринчилерден болуп өзүм айтышым керек. Менин калган өмүрүмдү арнагым келген сүйлөшкөн кызым бар. Алгач мындай чечимдин натыйжасы кандай болот деп аябай ойлонгом. Бирок лейблдин бардык катышуучулары мени колдошту. Мени чын жүрөктөн куттуктаган күйөрман, досторума рахмат!", - деп жазган ал.