Мектеп директору депутаттын жубайын өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө

Москва шаарында менчик мектептин директору жана анын мурунку эки окуучусу адам өмүрүнө кол салууга шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы мугалим мамиледе болгон депутаттын жубайын өлтүрүү үчүн мурунку эки окуучусун (кыз жана бала) жалдаган. 9-январь күнү кылмышка шектүүлөр жабырлануучунун үйүнүн жанынан кармап моюн, тулку боюна 6дан кем эмес бычак сайышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан эс-учун жоготкон, бирок өз убагында көрсөтүлгөн жардамдан улам аман калган. Иликтөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Москвадагы менчик мектептин директору Василиса Маслова мурун "Яблоко" партиясынын депутаттар кеңешинин мүчөсү Михаил Хананашвили менен көңүлдөш болуп, депутаттын жубайын кызганычтан улам өлтүрүүнү пландаган.

Депутат Михаил болсо жубайына кол салганды ишмердүүлүгүнө байланыштырып келет. "2018-жылы жубайымдын башына эки ирет чаап кетишип, баш мээси чайкалган. Бирок бир да кылмышкер табылган эмес. Ошондон кийин мен жубайымдын келечеги үчүн чочулап, мурункудай башкалар менен чырдашканды токтотуп, активдүү болбой калдым. Ал эми Василисанын көңүлдөшү эмесмин, бирок аны билчүмүн. Биздин чогуу баштаган долбоорлорубуз, кызматтык мамилебиз бар болчу", - деген ал. Ошондой эле депутат "жубайым учурда жасалма дем алдыруучу аппаратта, сүйлөй албайт" деп кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан