Социалдык тармактарда тюлендин сүрөтү жаңы мем жаратты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Январдын орто ченинде сүрөтчү Дэвид Ист тюлендин асманды карап турган сүрөтүн жарыялаган. Андагы ракурстан караганда тюлень кишиге окшоп калган. Аз күндүн ичинде эле сүрөт вирустуу болуп, жайылып кеткен. Колдонуучулар сүрөт бир сыйра оңдоп-түзөтүүдөн өткөнүн байкашкан. Ага карабай жылдыздуу тюлень социалдык тармактарда популярдуу боло баштады. Айрымдары анын негизинде ар кандай образдарды жаратканга дагы үлгүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.