Кулагыңызга күмүш сырга. Кыш мезгилинде бетке туура кам көрүүнүн эрежелери

Кыш мезгилинде иммунитеттин алсыздоосу менен катар эле беттин терисинин сезгенчээк болуусу күч алат эмеспи. Абанын температурасынын кескин өзгөрүүсү, сырттагы муздак аба менен имараттагы жылуу аба менен кез келген сайын беттин терисине терс таасирин тийгизет. Сууктан кан айлануу жана теринин кургап кетүүсүнөн жана ар түрдүү сырткы таасирлерден коргоп турган теридеги майды иштетип чыгуу процесси жайлайт. Бул процесс беттин терисинин жансыз жана кургак болуусуна алып келет. Мындай жагымсыз кырдаалдан жабыр тартууну азайтуу үчүн бетке туура кам көрүүнүн бир канча эрежелери жана сырлары менен бөлүшөбүз.

Бетке кам көрүүнүн ички процесси. Бетке косметикалык каражаттар менен кам көрүүгө чейин күнүмдүк рационго көңүл буруу абзел. Биздин жеген азыктардын баары жалпы организмге, анын ичинен беттин терисине да чоң таасир тийгизет. Андыктан бетке кам көрүүдө алгач эле күнүмдүк рациондо колдонуп жаткан азыктарды иргеп алуу керек.

Адамдын организминин 70 пайызы суудан турат. Организмге суу жетишпесе, анын нормалдуу иштешинде мүчүлүштүктөр жаралат. Мындай учурда беттин териси кургак болуп, өз нурун жана сулуулугун жоготот. Тамак-аш тууралуу айта турган болсок, майлуу жана курамында кант көп болгон азыктардан баш тартуу керек. Теринин сырткы таасирлерден коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курамында омега-3 заты бар балык, жаңгак, бадам, ашкабак, авокадо, шпинат жана өсүмдүк, зайтун, жүгөрү майын колдонуу сунушталат. Ошону менен бирге эле В жана Д витаминин жетиштүү деңгээлде алып жаткандыгына көңүл буруу керек.

Бетке кам көрүүнүн сырткы процесси. Кыш мезгилинде беттин терисине кам көрүүдөгү сырткы процесстин башкы эрежеси аны туура тазалоо болуп саналат. Теринин кургак болуп калуусуна жол бербөө үчүн ысык суу менен жуубаш керек. Бетти тазалоочу каражаттардан териге жумшак болгонун тандоо керек. Тери суукка чыдамкай болуусу жана сырткы таасирлерден жабыркабашы үчүн курамында спирт, сульфат бар бет жуучу каражаттарды колдонуудан алыс болуңуз. Себеби алар терини кургатып жиберет. Ал эми бет майды тандоодо курамында глицерин, гиалурин кислотасы, антиоксидант заты бар бет майларды колдонуу сунушталат.

Мындан тышкары, кыш мезгилинде бетке ар кандай маскаларды коюп, жожоба, бадам, авокадо, кокос майларын сүйкөсө беттин терисине жетпеген витаминдер менен азыктандырып, теринин кургап кетүүсүн алдын алат. Кыш мезгилинде тери өтө сезгенчээк болгондугу үчүн скраб жана пилингден баш тартуу керек. Себеби мындай процесс териге терс таасирин тийгизет.

Көздүн айланасына жана эринге кам көрүү. Бетке кам көрүүдө кетирилген эң чоң катачылык бул - көздүн жана эриндин айланасына кам көрүүнү унутуу. Муздак жана кургак абадан алгач эле көздүн айланасы жана эрин жабыр тартат. Эриндин териси кургап кеткендиктен, суукка туруштук бере албай жаракат алат. Ага жол бербөө үчүн курамында Е витамини бар гигиеналык бальзам колдонуу керек. Ал эми көздүн айланасына кам көрүүдө атайын масканы (патчи) жана бет май колдонуу керек.

Сыртка чыгардан бир саат мурун бетке жумшартуучу же азыктандыруучу бет май сүйкөп коюу керек. Ал бетти сууктан жана кургап кетүүдөн сактайт. Эгер сыртта көп убакыт жүрө турган болсоңуз, күндөн сактоочу бет май колдонуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан