Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Орусия Федерациясынын илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабеков 4-12-январь күндөрү Кытай Эл республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сабырбек Жумабеков жана Орусия Федерациясынын илимдер академиясынын академиги, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Николай Загородний менен иш сапарында Кытайдын алдыңкы клиникаларынын адистерине травматология жана ортопедиянын жаңы технологиялары боюнча 8 лекция окушту. Андан сырткары Шанхай, Нанин, Фанченган жана Пекин шаарындагы алдыңкы университеттик клиникаларына барып, бейтаптарга кеңеш беришти. Фанченган шаарынын университеттик клиникасында Жумабеков тизе муун патологиясы боюнча мастер класс өттү. Учурда Фанченган шаарында 2000 керебетке ыңгайлашкан жаңы медициналык борбор курулууда. Шаар мэри Жумабековду медициналык өнүгүү боюнча кеңешчи кылып, ал эми элдик өкмөт шаардын травматология жана ортопедия боюнча Биринчи шаардык ооруканага башкы адис катары дайындады", - деп жазылат билдирүүдө.