"Көзүнөн жаш эле ага берет". Төрөттөн кийин кыймыл, үн-сөздөн калган келиндин жакындары анын туулган күнүн белгилешти

Төртүнчү баласын төрөгөндө мээсине кан куюлуп кетип, мурду менен тамактанып калган Залина Уметалиеванын тагдыры тууралуу буга чейин жазылган болчу. Ал 2018-жылы төрөт учурунда инсульт алып, ошондон бери колу, буту кыймылсыз, сүйлөй да албай калган.

Учурда ал Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында экенин жакыны Салтанат Аманкулова билдирди. Анын айтымында, жакында эле Залина Уметалиева 36 жашка толду, балдары, эң жакын адамдары топтолуп туулган күнүн белгилешкен.

"Залинанын абалы оор, дагы деле кыймылсыз, сүйлөй албайт. Бирок кыймыл-аракеттерге реакция кылат. Көбүнчө ыйлайт, тегерек четти карабай эле ыйлай берет, көзүнөн жаш ага берет. Кээде күлкү чыгып калса жылмаят. Анын көңүлүн аз да болсо көтөрөлү деп балдары, бир туугандары өзү жаткан керебеттин айланасын шөкөттөп, таттуу алып келип 36 жашка чыгышын белгилешти", - деди ал.

Ошондой эле анын төртүнчү баласы аман-эсен чоңоюп жатканын, учурда Уметалиеванын кайын журтунда экенин белгиледи.

"Залина Уметалиева 2019-жылы ооруканадан чыгарылгандан бери үйдө. Аны күнүмдүк кароого кымбат баадагы дары-дармек каражаттары керектелет", - деди Салтанат Аманкулова.

Төрөттөн кийин үн-сөздөн, кыймылдан калган келиндин туулган күнү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alia82
2020-01-14 17:21:02
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин, балдарынын жакшылыктарын корсун.
Фатиха суроосун окуп эле дэм сала бериниздерчи, баары Алладан, сууга да дэм салып ичириниздер
+31
momun74
2020-01-14 17:58:28
Аллахым шыпаасын берсин
+19
Migrant-rf
2020-01-14 20:51:44
Байкушум ай, Кудай шыпаа берсин.
+14
nur007mir009kg
2020-01-14 21:36:19
Кудайым шыфаасын берсин. Балдарынын пешенесине сакайып кетсин. Үмүт үзбөш керек, ооруну берген кудай шыфаасы менен берсин. Амиин
+13
-adam
2020-01-14 21:44:40
nur007mir009kg,кокустан минус басылып кетти
Кечирим сурайм
АЛЛАХ шыфаасын берсин
+7
kirgizstan
2020-01-15 02:39:01
Жаратканым күтпөгөн жерден шыпаа берип айыгып кетсен экен.
Көрбөгөндөй болуп кет АЛЛАХым шыпаа берсин
+6
nur72
2020-01-15 08:18:49
Ээ Аллахым шыпаасын берчи эртерээк айыгып жакындары менен көп жолу туулган күн белгилесин, жакындарына ден-соолук өмүр берсин
+3
manchik0595
2020-01-15 10:56:55
Аллахым шыпаа берсин жакшы болуп кетсин балдарынын жакшы кундорун коруш насип кылсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан