Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайында кылмышка шектүү жарандын асынган абалдагы жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-январь күнү саат 08:30да Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында жалгыз камалып отурган 1977-жылы туулган К.Д.нын асынган абалда жансыз денеси табылган. Ал убактылуу кармоочу жайына 2018-жылдын 21-апрель күнү киргизилген.
Шектүү "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу", "каракчылык" жана "баңги каражаттарын же психотропук заттарды мыйзамсыз даярдоо" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул иш соттун кароосуна жиберилип, биринчи инстанциядагы сот тарабынан 7 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Бирок ал кайрадан аппеляциялык даттануу менен сотко кайрылып, Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан.
К.Д.нын жансыз денесине кароо жүргүзгөндө кара түстүү жипке окшош нерсеге асынып алгандыгы аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өзүн-өзү асып өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле денесинде башка эч кандай жарааттар болбогондугу белгилүү болгон. Учурда тергөө иштери менен катар кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Маркум 2002-2006-жылдары милиция кызматында иштеп, терс көрүнүштөрдөн улам ички иштер органдарынан биротоло бошотулган.