Кылмыш иши козголгон кыргыз чиновниктери туурай көрбөгүлө! Японияда "Nissan" компаниясынын жетекчиси жашикке жашынып, өлкөдөн качып кеткен

Японияда "Nissan" компаниясынын мурунку башкы директору Карлос Гон өлкөдөн кандай жол менен качып кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Ал музыкалык инструменттер салынган жашикке жашынуу жолун тандап алган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 65 жаштагы Карлос Гон 2018-жылдын ноябрь айында кирешесин жашырууга жана компаниянын эсебинен байыган деп айыпталып, камакка алынган. Бул ишке байланыштуу ал "Nissan" компаниясынын башкы директору кызматынан кол жууп, кийин үй камагына чыккан. Анын соту 2020-жылдын апрель айында башталмак.

2019-жылдын аягында Гон Япониядан Түркия аркылуу Ливанга мыйзамсыз өтүп кеткен. Ал атайын аудиоаппараттар үчүн жасалган жашикке жашынып, кийин жашик менчик учакка жүктөлгөн. Гон өзү деле качып кеткендиги тууралуу маалыматты жашырган эмес.

Ал өз сөзүндө "Жогорку Сот бардык материалдарды карап чыкмайынча, мени камап коюуга болбойт. Ал эми мен соттун жыйынтыгын күтө алган жокмун. Мен соттон бул ишти эртерээк карашын сурангам, бирок мени уккан адам болбоду" деген.

Мындан сырткары, ал соттон эмес саясий куугунтуктан качканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aksy.1989
2020-01-15 12:52:31
Биздин аткаминерлер ээн эркин эле качышат. Болбосо узатышат.
+12
murat17
2020-01-15 15:33:46
aksy.1989,туура

+3
Belek1710
2020-01-15 13:15:17
Бизде атайын учак менен кызыл дорожкада узатып коюшат го, бизнесин, үй мүлкүн шашпай башка адамдарга өткөрүп берип коштошуп учуп кетишет. Закон жол бербейт сразу камап койгонго.
+7
Aliha
2020-01-15 13:32:33
Жашике деп жазылабы или ящике болуппу?
+1
Adil18
2020-01-15 14:09:05
Aliha,
Ящик-жашик,
Япония-Жапония.
+4
PROS
2020-01-16 09:08:34
Adil18,япония жапан деп эле айтылат!
0
Baatirbek81
2020-01-15 15:54:14
Бизге боло берет кам санаба
+4
Jelezo
2020-01-15 19:55:12
Бизде сайдагы кечүү менен эле Америкага кетип калышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан