10-январь күнү Орусиянын Биринчи каналынан "Жди меня. Казакстан" берүүсү көрсөтүлгөн. Анда кыздарын жана карындашын издеген Казакстандын тургуну Василий Евдошенко тууралуу сюжет даярдалган. Орусияда төрөлгөн Евдошенко 2 жашында эжесинин колунда Фрунзе шаарында тарбияланып, кийинчерээк Казакстанга барып үйлөнгөнү айтылган. Учурда ресоциализация борборунда жашаган каарман берүүгө кийинки тагдыры тууралуу айтып берип жатып Кыргыз өлкөсүндө кулчулукта болгонуна токтолгон.
"Кыргыз өлкөсүндө Жаңы-Жер деген айыл бар. Ал жакта лезгиндерде иштегем. Өткөн жашоомду эстегим да келбейт. 2 жылдай кулчулукта иштедим. Биз чөпканада жашачубуз. Күндүз өздөрү кайтарып иштетишчү. Түнү качып кетпесин деп бутубузга 1 жарым метрлик чынжырды байлап коюшат эле. Таңкы саат 4тө туруп иштечүбүз, күнүнө бир жолу 8 кишиге чоң нан, айран берип коюшчу, ошону бөлүп жеп алчубуз. Кийин кожоюндун баласы, тууганы менин качып чыгышыма жардам беришкен", - деген каарман. Андан соң "Карындашым Мария Карболина азыр менин каякта экенимди деле билбейт. Ал учурда Кыргыз өлкөсүнүн Чүй облусундагы Беш-Терек айылында жашайт. Оксана, Алёна кыздарым, карындашым Мария, менден кетсе кечиргиле жана колуңардан келсе алып кеткиле" деп көзүнө жаш алган аксакал.