Эсиңиздеби, буга чейин Англиянын Дарем графтыгынын Блэкхолл-Кольери айылынын жашоочуларына 5 жыл бою кимдир-бирөө акча салынган баштык калтырып жүргөндүгү тууралуу жазылган. Полиция кызматкерлери сырдуу адамдын ким экендигин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, мындай сырдуу көрүнүш Англиянын Дарем графтыгындагы Блэкхолл-Кольери айылында катталган. Ар бир ташталган баштыкта 2000 фунт-стерлинг (болжол менен 180 миң сом) болгон. Айыл тургундары 2014-жылы жалпы 13 баштыкты полицияга тапшырышкан. Полиция кызматкерлери бул иштин бетин ачуу максатында банк жана бармак издери аркылуу текшерип көрүшкөндүгүнө карабастан, жыйынтык болгон эмес.
Декабрдын аягында Рождествонун алдында ал сырдуу адамдар ким экендиги аныкталган. Алар экөө болгон жана полицияга өздөрү барып, бул ишти эмне үчүн кылып жаткандыктарын түшүндүрүшкөн.
Анда алар аты-жөнүнүн сырдуулугу сакталуусун өтүнүшкөн. Мунун себебин кайрымдуулук иш үчүн көңүл чордонунда болуунун зарылдыгы жок деп түшүндүрүшкөн. Бир канча жыл мурун сырдуу акча таштап кетүүчүлөр күтүүсүздөн байып кетишкен. Ошондо алар ашыкча акчаларын Блэкхолл-Кольери айылынын тургундары менен бөлүшүүнү туура көрүшкөн. Алардын бири аял болгон. Анын айтымында, бул айылдын жашоочулары ага кандайдыр бир жардам берген (кандай жардам экенин айткан эмес) ошондон кийин бул айылдын жашоочуларына ыраазы болгон. Кээ бир учурларда алар акча салынган баштыкты таштаган жерге кимдир-бирөө алып кеткенче жашынып да тургандыгын айтышкан. Полиция кызматкерлери бул адамдарга ыраазы болушкан.
Мындан тышкары, алар Блэкхолл-Кольери айылында жашабагандыгын айтышкан.