Ашхабадда пенсионерлер тирүү экенин тастыктоо үчүн кезекке турушууда

Ашхабаддык пенсионерлер тирүү экендигин тастыктоо үчүн узун кезекке турууга мажбур болушууда. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазып чыгышты.

Анда мындай кырдаал январдын башынан бери байкалып жатканы айтылды.

"Тирүү экенин тастыктоо жөнүндөгү талап бир гана пенсионерлерге эмес, майыптарга жана балдары үчүн жөлөк пул алгандарга да тиешелүү. Түркмөн бийлиги киши өлгөн учурда анын пенсиясын туугандары алып албашы үчүн ушундай чара кабыл алган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 1-январынан тарта Түркмөнстанда пенсия 10 пайызга көбөйгөн. Түркмөнстанда пенсиянын минималдык көлөмү 338 манатты (18 доллар), мамлекеттик жөлөк пулдун минималдык көлөмү 322 манатты (17 доллар) түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
souza.j
2020-01-16 09:29:07
Пенсия азбы.
+2
Aikaaaa
2020-01-16 10:09:06
Байкуштар 2 миңге жетпеген пенсия алат элек деп кезеке туруп атышып даана өлүшөт го
0
aslan_akjol89
2020-01-16 13:00:21
Минималы дейт,бизде деле ошондой эле +-150сом.
0
aslan_akjol89
2020-01-16 13:02:33
За то аларда туз бекер,айына он канча литр бензин бекер.Бизде туз 15сом,бекер берилбейт.Бензин тем более бекерге жок.))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан