Казакстанда ДНК-экспертизага суроо-талап күч болгондуктан, 50 миң тенге (9 миң 167 сом) гана турат. Бул тууралуу казакстандык басылма жазып чыкты.
ДНК-тесттин арзандашы жолдошун алдайм деген айымдар үчүн коркунучтуу болууда деп жазылат маалыматта. Ошондой эле тесттин жыйынтыгында, мырзалардын 20 пайызы чоочун баланы багып келгени аныкталган. Көрсөткүчтүн мындай чоң болушуна себеп, лабораторияга көбүнчө шекшиген аталардын кайрылганында. Кызыгы, тесттен өтүү идеясын кайненелер да келиндеринин таза экендигин аныктоо үчүн сунушташат. Мындан тышкары, аялдар да жолдошунун ала жипти аттабаганын аныктап алса болот. Казакстандагы көпчүлүк ДНК-лабораториялар эркектердин ички кийиминен төшөктө канча өнөктөшү болгонун так аныктап беришет.