Ташкентте үйдүн 5-кабатында бир саамга жандалбастап турган бала кулап кетти

Ташкенттин Алмазар районунда 3 жаштагы бала үйдүн 5-кабатынан кулап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып, ошол учурда тартылып калган видеону жарыялашууда.

Видеодо баланын аман калганы көрүнгөн эмес, бирок басылмалар наристе аман экендигин, олуттуу жаракат албаганын белгилешкен. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазышкандай, баланын абалы нормалдуу, анын баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Окуя кечээ, 14-январда болгон.

"Бала үйдө жалгыз калган. Ал ойноп жатып терезени ачып, андагы тосмодон сыртка чыгып алган. Кайра терезеден батирдин ичине кире албай калган. Бир саамга чейин тосмо темирди кармап турганы менен колу бошоп, кулап түштү. Кулап баратып 3-кабаттагы терезенин тосмосуна тийген. Андан кийин жашоочулар менен тартип сакчылары даярдап, кармап турган одеялга түшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Ташкентте 3 жаштагы бала 5-кабаттан кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-01-15 18:02:53
озбекстан окмоту коп нерсени жашырат эмнеси болсо да бала аман болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан