Бишкекте өзүн жогорку окуу жайдын мугалими катары тааныштырып, акча өндүрүп жүргөн айым кармалды

Бишкекте өзүн жогорку окуу жайдын мугалими катары тааныштырып, акча өндүрүп жүргөн айым кармалганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Салтанат аттуу 25-30 жаштагы айым Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалими катары өзүн тааныштырып, “контракт төгүүдө жеңилдик алып берем” деп арыз ээсин алдап 11 миң сом алган. Натыйжада окуу үчүн акчаны төкпөстөн изин жашырып кеткен. Милиция кызматкерлерине ушундай эле арыз менен дагы 5 киши кайрылган. Жалпы арыз ээлерине келтирилген чыгым 50 миң сомдон ашкан. Иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган кылмыштарга шектелип, Бишкек шаарынын 26 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кармалып, ага карата “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
moke
2013-08-19 17:22:28
А бети жок бетбак
+1
Jamalym
2013-08-19 19:41:41
жакшынакай эле айым экен,жон эле журбойбу дейм да.
+1
Gundula
2013-08-19 21:25:44
Ай бети жок десе
+1
Mirbek.83
2013-08-20 09:53:56
Чоон бети бар экен,ошол бети калын болуп калыптыр афиристин.
+1
Mr.Prezident
2013-08-20 16:48:47
бетин корбой жатасынарбы чондугун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан