Индиянын Орисса штатында 10 жаштагы териси жыландай болгон бала жашайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 10 жаштагы Жаганнат айыккыс дарт - ламеллярдык ихтиозго (сейрек кездешүүчү, тукум куучу тери оорусу) кабылган. Бул дарттын кесепетинен денеси кургактан жарылып, калың болуп тордоп турат. Анын териси балыктын кабырчыгын (чешуя) элестетет. Айылдаштары аны жылан деп да атап алышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жаганнат саат сайын сууга түшүп, күнүнө бир нече ирет бет май менен денесин майлап турат. Ага карабай териси катуу кургагандыктан кыйынчылык менен кыймылдайт. Жаганнаттын үй-бүлөсү начар жашагандыктан, баланы дарылата албай келишет. Атасы Прабакар Прадан "Акча жоктугунан балама жардам бере албаганым үчүн жүрөгүм тилинет. Балам күндө ушул оорунун айынан кыйналып жашап келет", - дейт.