
Орусиянын Кемеров облусунда сот имаратында белгисиз жаран ок чыгарып, андан бир адам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Окуя 16-январь эртең менен болгон. "Октон эки адам - бир аял жана бир эркек киши жабыркаган. Эркек киши ич жагына ок тийип, "Тез жардам" унаасында алган жараатынан улам көз жумган. Ал соттук аткаруучу болуп иштегени айтылууда. Ал эми бетинен жана бутунан жаракат алган аял оор абалда ооруканага жеткирилген. Ок чыгарган адамдын мотиви тактала элек. Ал кармалып, териштирүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.