АКШнын президенти Дональд Трамп жана Кытайдын вице-премьери Лю Хэ 1-фазадагы соода келишимине кол коюшту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, бул келишим 2 фазадан турат жана бул жолу биринчи фазасы талкууланып, кол коюлган. Келишимдин негизги максаты товар алмашуудагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу. Келишимдин негизинде 2 жыл аралыгында АКШ жана Кытайдын импортунун көлөмү 200 миллиард доллар болору болжолдонууда. Бул жолугушууда Трамп жакынкы аралыкта Кытайга баруу ниетин дагы билдирген.
Белгилей кетсек, АКШ жана Кытай соода тармагындагы талаш-тартыштар 2 жылдан бери уланып келген. Мындай абал Трамп Кытайдын товарларына кошумча салык киргизгенден кийин башталган. Буга жооп кылып, Кытай тарап ар кандай кадамдарга бара баштаган. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр 2018-жылы башталган, бирок 2019-жылдын жай айларында аягына чыккан.
Ал эми экинчи фазада эки өлкөнүн товар салыктарын төмөндөтүү маселелери каралмакчы деп жазылган маалыматта.