Чеченстан Республикасынын президенти Рамзан Кадыров башчылык милдетин убактылуу аткара албайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Анда Кадыров ден соолугуна байланыштуу дарылануу курсунан өтүп жаткандыктан, ыйгарым укуктарын өкмөт башчысы Муслим Хучиевге өткөрүп бергени айтылган.
"Тиешелүү буйрукка Рамзан Кадыров 13-январда кол койгон. Чеченстан президенти дарылануу курсу аяктагандан кийин кайрадан өз милдеттерине киришет. Бул убактылуу гана кабыл алынган чечим", - деп айтылат маалыматта.
Мындан бир жыл мурун дагы Кадыров пландык диагностикадан өтүп жатканда, бийликти убактылуу Муслим Хучиевге өткөрүп бергени маалым.
Буга чейин Орусиянын өкмөтү отставкага кетип жатканын өкмөт башчы Дмитрий Медведев президенттин Федералдык жыйынында билдирген. Мындан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт башчылыкка Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштаган.