1-августтан 16-августка чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамаларына 89 жаран кайрылды. Аталган кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, кайрылуулар төмөнкү кызматтардын мыйзамсыз аракеттерине карата болгон:
- укук коргоо кызматтарынын иши боюнча 13
-жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматтарына карата 7
-билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына 8
-сот системине байланыштуу 2
-Мамлекеттик каттоо кызматына байланыштуу 6
-энергетика тармагы тууралуу 5
-транспорттук ишканалар боюнча 5
-тоо кен тармагы боюнча 4
-Бажы жана Салык кызматтарына байланыштуу 4
-Социалдык фонд боюнча 1
-башка мамкызматтарга карата 28 кайрылуу катталган
26 кайрылуу мекемелердин жана министрликтерге жөнөтүлсө, калганы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында каралат.