Саясат таануучу Жолборс Жоробеков: "Тагдыр чечүүчү маселеде бардык нерселерди колдонушубуз керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 16-январда Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрдү. Ал элдик курултай тууралуу маселе көтөрүп жатып, ата-бабалар топтолуп кеңешип маселе чечип келгенин айтты. Ал керек болсо азыркы, мурдагы президенттер биригип алып, өлкөнүн өнүгүшүн ойлонушу керектигин билдирди.

SUPER.KG порталы "Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында "Керек болсо азыркы жана мурдагы президенттер биригип алып өлкөнүн келечегин талкуулап, чогуу реформа кылышы керек" деди. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн саясий күчтөр, азыркы жана мурдагы президенттер биригүүсү керекпи?" деген собол салды.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков тагдыр чечүүчү маселеде бардык нерселерди колдонуу керектигин айтты.

"Бул саясий маселе. Мурдагы президенттердин өзүнүн моралдык укуктары бар. Биздин азыркы абалга баа бергенге алардын канчалык моралдык укугу бар? Моралдык укукту мындай коюп туруп, иш түшүп калса мурдагы президентпи, мурдагы оппозиционер болобу жакшы оюу болсо, бүгүнкү бийлик пайдаланышы керек. Акаев, Бакиев болобу, жакшы ойлорду айтып калса, бийлик пайдаланышы шарт. Биз кичинекей калкпыз. Тагдыр чечүүчү маселеде бардык нерселерди колдонушубуз керек. Ошондо гана элге пайда болот", - дейт Жоробеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан