Франциялык белгилүү "Louis Vuitton" мода үйү дүйнөдөгү көлөмү боюнча экинчи орунда турган салмагы 1758 каратты түзгөн сейрек кездешүүчү алмаздын ээси болду. Бул тууралуу "The New York Times" гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган алмаз көлөмүнүн чоңдугу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Ал 2019-жылдын апрель айында Ботсвана өлкөсүнөн "Lucara Diamond Corp." компаниясы аркылуу табылган. "Louis Vuitton" мода үйүнүн директорунун милдетин аткаруучу Майкл Берк баалуу таштын баасын ачык айтуудан баш тарткан. Бирок анын баасы миллиондорду чапчый тургандыгын кошумчалаган. Бул иштетилбеген алмаз адам баласынын тарыхындагы табылган көлөмдүү алмаздардын экинчиси болуп саналат.