Кыргызстан Москвада өтүүчү китеп көргөзмө-жарманкеге катышат

4-5-сентябрь күндөрү Москвада өтүүчү 26-эл аралык китеп көргөзмө-жарманкесинде Кыргызстан 71 китепти алып чыгат. Кыргызстан жарманкеде “Айтматовдун ааламы” аттуу теманын алкагында катышмакчы. Көргөзмө эки бөлүмдөн туруп, бири “Ч.Айтматовдун адабият дүйнөсү” деп аталса, дагы бир бөлүгү “Дүйнөлүк адабияттын корифеи” (эң көрүнүктүүсү) деп аталат. Анда коюлуучу китептер жазуучу Ч.Айтматовдун 85-жылдыгына арналып жазылган. Ошондой эле жазуучунун калемине таандык китептер да бар. Мындан сырткары орусиялык сүрөтчүлөрдүн Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынып тартылган фотосүрөттөрү да коюлат. Кыргызстандын аталган фестивалга катышуусу үчүн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев президенттин резервдик фондунан каражат бөлүү тууралуу буйрукка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан