Японияда алгачкы жолу министр мырза декреттик өргүүгө чыгат

Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Коидзуми Синдзиро баланы кароо үчүн өргүүгө чыккан алгачкы министр болмокчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын жубайы - белгилүү модель жана телеалпаруучу Такигава Кристель жакында тун баласын жарыкка алып келмекчи. Ошондон улам Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Коидзуми Синдзиро өргүүгө чыгарын айтып кесиптештерин гана эмес, бардык япон элин таң калтырды. Япониянын мыйзамына ылайык, декреттик өргүүгө ата да, эне да чыга алат. Бирок аталар мындай мүмкүнчүлүктү аз колдонушат. Министр өргүүгө 3 айга чыкмакчы. Анын 2 жумасын толук балага каралашканга жумшаса, калган убакта үйдө отуруп мамлекеттик жумуштарын аткара бермекчи. Коидзимунун чечимин Япония министрлер кабинетинин башкы катчысы Есихидэ Суга колдоп, аны үлгү алчу мырза катары баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Apyn8793
2020-01-17 08:55:38
Бизде чыкса болобу? Конституцияны окуп коруш керек экен, эгер болсо мен да чыгайын
+1
nelli
2020-01-17 23:20:20
Apyn8793,Болот бирок, бизде эч ким чыккан эмес да
0
Mularamov
2020-01-17 09:20:42
Болот деп укканмын бизде кобунчо прокрорлок чыгат дейтко
+6
Akshumkar
2020-01-17 09:42:18
Бизде чыкса болот мыйзам жол берет
+3
Aimani
2020-01-17 12:00:17
Бизде чыкса болот бирок коп эркектер и так эле декреттик оргуудо отурушат.
+16
ainura220888
2020-01-17 15:16:22
Бут эле олколордо болсо керек в том числе бизде деле. Бирок ньюанстары тольтура. Аялын декретный выплата алган жок угул сыяктуу толтура справка топтосон керек.
0
Samat_00000
2020-01-17 15:28:00
Бизде чыкса болот бала мисалы мен декреттик оргуудон жаны эле жумушка чыктым, бала 3 жашка чыкканга чейин мыйзам жол берет, эмгек кодекстинде корсотулгон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан