Владимир Путин мурунку өкмөт башчы Дмитрий Медведевди Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Владимир Путин аталган жарлыкка бүгүн, 16-январь күнү кол койду. Жарлыкта Медведев өкмөт башчы кызматынан бошотулганы жана экинчи жарлык менен Путин жаңы премьер-министрлик кызматына Михаил Мишустинди дайындаганы жазылган.
Эске салсак, 15-январь күнү Орусиянын өкмөтү отставкага кеткенин өкмөт башчысы Дмитрий Медведев президенттин Федералдык жыйынында билдирген.