Баланы тарбиялоого эң ыңгайлуу өлкөлөр аныкталды

Скандинав өлкөлөрү балдарды тарбиялоо үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн башында турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жыл сайын эл аралык басылмалардын берген маалыматынын негизинде жүргүзүлгөн US News & World Report рейтингинде АКШ алдыңкы өлкөлөрдөн 7-орунга илинет. Бирок гендердик теңдик, адамдын укугу, айлана-чөйрөнүн корголушу эске алынганда көрсөткүч өзгөрө түшөт. Анткени АКШда өспүрүмдөр арасында адам өлтүрүү көп катталат, жашоо кымбат жана баланы кароо үчүн төлөнүүчү өргүү жок. Бул жактан алганда баланы өстүрүүгө, эне болууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн сап башында Дания турат. Анын артынан башка Скандинав өлкөлөрү: Швеция жана Норвегия орун алган. Биринчи ондукка Канада, Нидерланды, Финляндия, Швейцария, Жаңы Зеландия, Австралия жана Австрия кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2020-01-17 10:52:52
Бизде бала бакча жетишпесе... балдар ойноочу аянтча жок, машыгуу залдары акыбалы оор,мектептер бир класста отуз кырктан окуучу окуса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан