Жактоочу: "Шаардык сотто ЖЭБ иши боюнча аппеляциялык даттануулар каралат"

Бишкек шаардык соту ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттанууларын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Биз ЖЭБ иши боюнча Свердлов райондук сотунун өкүмүнө карата даттануу келтиргенбиз. Себеби биздин жакталуучуларга карата акыйкатсыз өкүм чыгарылган деп санайбыз. Эми шаардык сотто аппеляциялык даттануу боюнча иш 20-январда каралат", - дейт жактоочу.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечимин чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2020-01-17 14:22:30
Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Сапар Исаков кытайлык ТВЕА компаниясын жылуулук электр станцияларын модернизациялоо сферасында эч кандай тажрыйбасы жоктугуна карабай кызыкчылыгын коргогону, коррупциялык схеманын башында турганы, ошол компаниянын арты менен 111 млн АКШ долларын өз кызыкчылыгына алып калуу аракетинин башында болгону аныкталды.
+2
Alimbek1000
2020-01-17 15:48:30
Сапар 111 млн долларды кайтарып бер
+1
kanayym.92
2020-01-17 15:15:50
Ал арыз каралган менен куноосу кашкайып аттын кашкасындай далилденип турат го.
+2
chake
2020-01-17 15:52:56
Кычкач 630 долларга ким алган болсо жооп бериш керек туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан