Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Гончарук арыз жазганга чейин анын өлкө башчы Володимир Зеленский тууралуу жакшы эмес пикир айтканын далилдеген аудио жазуу тарап кеткен.

Кийинчерээк Гончарук социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окуя тууралуу буларды айткан. "Мен кызматка президенттин программасын аткарууга келген элем. Ал мен үчүн ачыктыктын, чынчылдыктын үлгүсү, ага сыйым өзгөрүүсүз калат. Жумуштан кетүү жөнүндө арыз жазып, президентке жибердим", - деп билдирген ал жазган арызы тууралуу.

Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн премьер-министрлик кызматына 35 жаштагы Алексей Гончаруктун талапкерлигин өткөн жылдын август айында жактырышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан