Орусиянын Москва шаарындагы мектептердин биринде окуучу бала мугалимине үзүлүп калган кылакчыны үчүн кол көтөргөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматта жазылгандай, окуя Москвадагы мектептердин биринде болгон. Анда физика сабагы учурунда окуучу кулакчын менен музыка угуп отурган. Мугалим ага кулакчынды алып, сабакка көңүл буруусун айткан. Бирок окуучу мугалимдин эскертүүсүн кулак сыртында калтырган. Окуучусунун мындай жоругуна жиндеген мугалим анын кулагынан кулакчынды жулуп алганда, ал үзүлүп кеткен. Кулакчынынан ажыраган окуучу өзүн кармана албай, мугалиминин бетине уруп, интерактивдүү тактанын пультун сындырган.
Мектептин кызматкерлери жабыркаган мугалимге "Тез жардам" чакыртышкан, учурда 61 жаштагы мугалим ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыккан. Ал эми агрессивдүү 8-класстын окуучусу буга чейин эле жүрүш-турушу начар болгондуктан, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында каттоодо тургандыгы маалым болгон.