Дүйнө жүзүн өзгөчө сулуулугу менен багындырып жаткан эже-сиңди

Мода индустриясына кызыккан инсан болсоңуз Жиджи жана Белла Хадид аттуу сулуу эже-сиңдинин атын уккан чыгарсыз. Акыркы 3-4 жылдан бери аталган эже-сиңди өзүнүн таланты жана өзгөчө сулуулугу менен дүйнө жүзүн багындырып келишүүдө.

Жиджи жана Белла Хадид дүйнө жүзүндөгү атактуу жана сулуу моделдердин катарында. Алар дүйнөлүк подиумдарга чыгып, беделдүү журналдардын башкы бетине байма-бай чыгып турушат. Эже-сиңди палестиналык ишкер Мохамед Хадид жана нидерландылык модель Иоланданын үй-бүлөсүндө жарыкка келишкен. Жиджи 2 жашынан баштап эле мода дүйнөсүнө аралашып баштаган. Ал эми 16 жашында беделдүү моделдик компания менен келишим түзгөн. Бир канча убакыттан кийин Жиджинин сиңдиси Белла да мода индустриясына кадам таштаган. Алгач Белла эжесинин көлөкөсүндө жүргөнү менен кийинчерээк анын өзгөчөлөнгөн сулуулугу көпчүлүктүн кызыгуусун жарата баштаган.

Жакында эле Белланын жүзү дүйнөдөгү эң симметриялуу жана идеалдуу деп табылды. Учурда эже-сиңдилер 24 жана 23 жашта. Ошондой эле алар дүйнө жүзүндөгү эң көп акы төлөнгөн супермодель болуп саналышат. Мындан тышкары, аталган эже-сиңди атактуу модель Кайли Женнер менен достук байланышта экендиги айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Sakubek
2020-01-17 20:25:10
Мынча куниктер
+19
PROS
2020-01-17 20:57:56
Дүйнөнүн эң идеалдуу сулуулары ушулар болсо анда шорубуз куруптур!
+22
Eliza-Arapbaeva
2020-01-18 01:43:18
PROS,Ошлну айтсан
+1
rususu
2020-01-17 21:20:48
Аа шо да
+1
Tolkun555
2020-01-17 21:55:23
Кыргызымдын кыздарынын жанында булар суу кечпей калат го
+18
rysik79
2020-01-17 22:32:18
Кыргызымдын кыздарынан айланып кетсин ХХХХ. Кыз-келинге таандык фигура менен акчаларынан башка эч нерсеси жок болсо керек булардын.
+5
Alia82
2020-01-17 22:53:13
Палестиналык болсо мусулмандар экен да
+2
Aikaaaa
2020-01-17 23:51:19
Белласы Джаконда, Моно Лизага окшош экен, өзгөчө акыркы сүрөтү
+3
kamchatka
2020-01-18 04:52:49
Биздин Анжеликаны корсо булар жинди болуп калатго анда
-10
arena2014
2020-01-18 05:38:52
Менин АПАКЕМ эн сулуу!!!
+7
suban78
2020-01-18 12:50:53
Оой ушулардын эмнеси сулуу. Ачарбактай болуп. Менин кампириме дажи караандабайт.
+1
Kona8631
2020-01-18 16:37:52
Мага жакккан да жок..кыргызда мындан 10 эсе сулуу кыздар миллиондоп саналат
-2
pusur
2020-01-18 17:11:38
Сексуальная экен
-1
Dembele84
2020-01-18 18:47:45
Орустарда ар бир экинчи кызы мындан сулуу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан