Ош шаарынын бюджетин 1 миллиард 322 миллион 600 миң сомго бекитүү сунушталууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 194 миллион 979 миң сомго көбөйүүдө. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү тапшырмасын берген. Бюджет боюнча коомдук угуу 2020-жылдын 23-январында болот.