Австралиядагы узакка созулган өрт. Жамгырдын жааганына кубанган дыйкандын видеосу популярдуу болууда

Өрт жалмап жаткан Австралияда дагы жамгыр жаады. Жергиликтүү тургундар жаан-чачындуу аба ырайына кубанып, видеого тартып, социалдык тармактарга таратууда. Алардын арасында Түштүк Уэльстеги дыйкандын видеосу популярдуу болуп жатат. Кубанычтан башындагы кепкасын чечип жиберген дыйкан Дзен Ландерс жамгырдын жааганынан улам вейкборд (спорттун экстремалдуу түрү) менен алектенгенин дагы кошумчалаган.

Австралиялыктар көптөн бери күткөн күн келгенин, бул жамгыр өрттү өчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышууда. Жаан-чачындуу аба ырайы Австралиянын айрым аймактарында суу ташкынын пайда кылганын батыш маалымат булактары жазышты. Дем алыш күндөрү өлкөнүн чыгыш жээгинде жамгырлуу аба ырайы күтүлөрү айтылат.

Австралиядагы өрт 2019-жылдын октябрь айында чыккан. Өрттү өчүрүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен 5 миллиондон ашуун гектар аймак, 1 миллиарддан ашуун жаныбарлар күйүп кеткен. Мындан улам аталган өлкөнүн өкмөтү өлкөдөгү узакка созулган өрттүн кесепетинен жабыр тарткан жаратылышты калыбына келтирүү үчүн 34 миллион 500 миң доллар өлчөмүндөгү каражат бөлгөнүн маалымдаган.

Австралияда жааган жамгырга кубанган дыйкандын видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boston___
2020-01-18 11:23:04
аллахым озу кудуреттуу
+10
tina-Tin
2020-01-18 16:31:27
Чынында адамдын колунан эч нерсе келбейт тура Аллах каалабаса.
+6
Aituwas
2020-01-18 17:12:47
Байкуш жаныбарлардын кырылганын коруп ыйладым....Кудайым колдоп очсо экен орт....
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан